Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда жакыр үй-бүлөлөргө иш баштоо үчүн 100 миң сомдон берилет

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 459 | 0

Жалал-Абад облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ишкердик баштоо үчүн каражат берилет. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 8-августта облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова жана облустун район-шаарларындагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары менен жолугушту.

Анда президенттин Жарлыгы менен бекитилген “Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” долбоорун ишке ашыруу аракеттери талкууланды.

Программага Жалал-Абад облусунун ар бир район-шаарынан 50 үй-бүлөдөн тандалып алынып, ишкердик баштоо үчүн 100 миң сомдон бир жолку акчалай жардам берилет.

Ал калктын аз камсыз болгон катмарын коомдук жумуштарга тартуу, эмгек потенциалы бар мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулар менен социалдык контракт системасын киргизүү сыяктуу артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууга багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM