Биз менен байланышыңыз

“Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 498 | 0

Президент Садыр Жапаров “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты — креативдүү иш менен алектенген ишкерлердин ишинин өзгөчө режиминин иштеши үчүн укуктук негиздерди түзүү.

Креативдүү экономика акыркы жылдары дүйнөлүк экономиканын динамикалуу өнүгүп келе жаткан тармактарынын бири болуп саналат.

Көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы туруктуу өсүү тенденциясын жана ИДПдагы креативдүү сектордун үлүшүн көбөйтүү тенденцияларын көрсөтүп турат.

Креативдүү индустриалдык парктын түзүлүшү бардык чөйрөлөрдө алардын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн, жумуш орундарынын санынын, жогорку кирешелүү продукциянын экспортунун жана салык төлөмдөрүнүн динамикалык өсүшүн гана эмес, ошондой эле Кыргызстан креативдүү бизнес ачуу, карьералык өсүү жана инвестициялоо үчүн өлкө катары эл аралык жагымдуулугун жогорулатууну билдирет.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын креативдүү өнөр жай ассоциациясынын маалыматы боюнча, Кыргызстан мындай мыйзамды кабыл алган дүйнөдө биринчи өлкө.

Copyright © 2017 Maral FM