Биз менен байланышыңыз

«Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы боюнча мугалимдерди даярдоо башталды

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 5836 | 2

Бүгүн, 8-августта Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту Бишкек жана Ош шаарларында «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин мугалимдеринин тренерлерин даярдай баштады.

Институттун директору Алмаз Токтомаметов 1-2 жума аралыгында 73 тренер облустардагы мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 2601 мугалимди окутарын билдирди.

Анын айтымында, жеке менчик мектеп мугалимдерин даярдоо боюнча да арыздар түшө баштаган. Мындан улам «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мугалимдердин саны көбөйүшү мүмкүн.

Мугалимдерди окутуу оффлайн жана онлайн форматта жүргүзүлөт.

Учурда «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин стандарты даяр.

Кошумчалай кетсек, быйылкы жаңы окуу жылынан тарта 9-класстарга эки чейрек «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети окутула баштайт. Мындагы максат диний көз караштан улам келип чыккан араздашууга бөгөт коюп, дин аралык мамилени бекемдөө болуп саналат. Бул сабак жумасына бир сааттан өтүлөт, жалпы 34 саат бөлүнгөн.

2 пикир

2 пикир

  1. Кулпунса

    08.08.2022 18:08

    Абдан жакшы нерсе мен колодой ун

  2. Ойсулу

    08.08.2022 18:30

    Саламатсызбы бул диндерди тануу боюнча окууга тарыхчылар катыша алабы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM