Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектин борборунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн себебин атады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, көп кабаттуу үйдүн 14-кабатында өрттүн чыгышына курулуш материалдарынын кароосуз калгандыгы себеп болгон.
Өрт саат 21:44тө чектөөгө алынып, саат 23:45те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө 45 куткаруучу, 7 өрт өчүрүүчү бөлүм жана 30дан ашык өрт өчүрүүчүлөр тартылган.
Кечээ, 2-августта Бишкектин Манас проспектиси жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан өрт чыккан.