Биз менен байланышыңыз

1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлдү

Кыска кабар | 2 Авг 2022 | 2554 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүнд» жарлыкка кол койду.

Өткөн жылы аскер кызматкерлеринин, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, дарыгерлердин жана мугалимдердин эмгек акылары көтөрүлсө, эми калган мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акылары көтөрүлмөкчү.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын категориялар боюнча жогорулатуу төмөнкүдөй көрсөтүлгөн.

Министрликтин бөлүм башчысынын учурдагы акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен эмгек акысы орточо эсеп менен 34 миң 445 сомду түзүп келген болсо, 1-августтан тартып эмгек акысы 67 миң 749 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 196,7%ды түзөт.

Мисалы, министрликтин жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акысы социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен 21 миң 98 сомду түзүп келген болсо, 1-августтан тартып эмгек акысы 49 миң сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 232,3% түзөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен 22 миң 170 сомду түзүп келген болсо, 1-августтан тартып 41 миң 319 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 186,4%ды түзөт.

Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен 17 миң  637,5 сомду түзүп келген болсо, эми 38 миң 830 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 220,2%ды түзөт.

Райондук маанидеги шаардык мэриянын бөлүм башчысынын учурдагы айлыгы социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен 16 миң 881,3 сомду түзүп келген болсо, 1-августтан тартып, 39 миң 785 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 235,7%ды түзөт.

Ал эми айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен 16 миң 125 сомду түзүп келген болсо, 1-августтан тартып 33 миң 851 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 209,9% түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM