Биз менен байланышыңыз

Зулушев менен Төрөбаев Панфилов районун эли менен жолугушууда

Кыска кабар | 2 Авг 2022 | 257 | 0

Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Панфилов районунун тургундары менен жолугушууда.

Жолугушууда жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр тууралуу суроолорду беришти. Көтөрүлгөн маселелер  боюнча жеринде чечүү максатында тийиштүү прокуратура органдарына тапшырмалар берилди.

Жыйынга Панфилов районунун 100дөн ашуун тургуну катышты.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Башкы прокурор менен ички иштер министрин аймактарды кыдырып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен чечүү тапшырмасын койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM