Биз менен байланышыңыз

Акунбеков: Дыйкандарды колдогон 41 түйүн ачылат

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Июл 2022 | 1765 | 0

Климаттын өзгөрүүсү, геосаясий абал, коңшу мамлекеттердин экономикасы биздикине салыштырмалуу күчтүү болуп турганда дыйкандардын иш алып баруусу,  түшүм алуусу жана аны жакшы баада сатуусу түйшүк менен ишке ашат. Ошондой эле суу, техника, жер семирткич, каражат меселелери да дыйканды түйшөлтүп келет. Дыйкандарга жана фермерлерге көмөктөшүү максатында Кыргызстанда 41 түйүн ачылат. Бул тууралуу «Бай дыйкан» айыл чарбаны колдоо борборунун башкы директору Эрлист Акунбеков «Маралга»маек куруп жатып билдирди.

Түйүндөр «Бай дыйкан» айыл чарбаны колдоо борборунун долбоору болуп саналат.  Ал түйүндөрдө дыйкандар үчүн бир топ жеңилдиктер каралган. Банк аркылуу үстөк пайызы жок  жер семирткич берүү, экологиялык таза химиялык заттар, сапаттуу үрөндөр сатылууда.  Ар бир түйүндө тажрыйбалуу агроном, химиктер акысыз кеңеш беришет, дыйкандарга техника жана күйүүчү май маселесин чечүүгө көмөк көргөзөт.

«Дыйкандар жердин курамын текшерүү үчүн жерди Бишкек же Ош шаарына жөнөтпөстөн, түйүндөрдөгү агролабораторияларда жыл сайын же эки жылда бир жолу жеринен текшерүүгө мүмкүнчүлүк ачылат», — деди Акунбеков.

Анын айтымында, жерди айдоодон мурун, анын акыбалын билүү зарыл. Жердин кубаттуулугун жана суунун курамын текшерип алса, дыйканга жеңил болот.

Ошондой эле адис базар шартында жакшы киреше маанилүү орунда болгондуктан, айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн дыйкандардын сабаттуулугун жакшыртуу, туура маалымат жеткирүү маанилүү экендигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM