Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылат. График

Кыска кабар | 29 Июл 2022 | 640 | 0

Бүгүн, 29 июлдан 7-августка чейин маал-маалы менен Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Транспорт министрлиги эскертет.

Бул күндөрү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

График:

Саат 04:00 — 06:00гө чейин,

08:00 — 10:00гө чейин,

12:00 — 14:00гө чейин жабылат.

Калган убакта каттам толугу менен ачык болот.

«Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM