Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулу ээлеген кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 30 Апр 2024 | 195 | 0

Башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Тиешелүу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

24-апрелде Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттик администрацияда түзүлгөн комиссия прокуратура органдарынын айрым кызматкерлеринин экология министрлигине караштуу лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишине кийлигишүү фактылары аныкталган.

Буга байланыштуу президент кол алдындагыларды туура эмес көзөмөлдөгөнү үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана экология министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялаганы белгилүү болгон.

Мындан тышкары, Башкы прокурорго өзүнүн орун басары Кубан Адыл уулун ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүү тапшырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM