Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалды

Кыска кабар | 30 Апр 2024 | 131 | 0

Бишкекте адам өлтүрүү жана каракчылык үчүн эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагында эл аралык издөөдө жүргөн 1976-жылы туулган В.П. аттуу жаран кармалды.

1976-жылы туулган В.П. аттуу жаран 2005-жылдан бери Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан киши өлтүрүү жана каракчылык боюнча издөөдө жүргөн.

Учурда тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM