Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда автозавод ачылып, өзбек унаалары чыгарылат

Кыска кабар | 24 Июл 2022 | 601 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстан өзбек автоунааларын чогултуу үчүн жаңы автозавод ачат. Бул тууралуу Podrobno.uz басылмасы экономика министри Данияр Амангелдиевге таянып жазды. Автозавод Чүй облусунун Сокулук районунда курулат.

Маалыматка караганда, учурда Кыргызстанда ишканага салык салуу жана ага жеңилдиктерди берүү маселеси каралууда.

«Биз ЕАЭБге мүчө болгонубузга байланыштуу бул процесс бир аз татаалдашып жатат, анткени бул маселе боюнча уюмдун башка өлкөлөрү менен макулдашып алышыбыз керек. Ишкананын жайгаша турган жери аныкталды. Бул Чүй облусунун Сокулук району болот. Азырынча ишке киргизүүнүн так датасы белгилене элек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат» , — деп билдирген экономика министри Данияр Амангелдиев Ташкенке жасаган сапарында.

Басылманын маалыматына караганда, буга чейин өзбекстандык заводдун өкүлдөрү Кыргызстан өндүрүштү кеңейтүү үчүн артыкчылыктуу рыноктордун бири экенин билдиришкен. Анткени Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан автотранспорттук коридору тетиктерди ташуу убактысын кыскартып, Кыргызстанда автоунааларды чогултуу арзаныраак болот.

Кошумчалай кетсек, өзбек тараптын өкүлдөрү Кыргызстанда чогултулган биринчи модель Nexia R3 болорун белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM