Биз менен байланышыңыз

Көмүр казуу иштери кадимки тартипте жүрүп жатканы айтылды

Кыска кабар | 22 Июл 2022 | 313 | 0

Кара-Кечеде көмүр казуу иштери штаттык режимде жүрүп жатканын «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Казылган көмүр Бишкек ЖЭБине жөнөтүлүүдө. Акыркы эки күндө 76 тонна күйүүчү май жеткирилген.

«Көмүр казуу иштери мамлекеттик ишкананын башкы директору Мирлан Жакыповдун тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө» , — деп атйылат маалыматта.

Июль айынын башында Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде жер көчкөнү айтылган. Анда болжол менен 30-40 миң куб/метр топурак көчкөн, жабыркагандар болгон эмес.

19-июлда «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору алмашып, Элдияр Калдарбековдун ордуна кайрадан Мирлан Жакыпов дайындалган.

Мирлан Жакыпов 2021-жылдын сентябрынан 2022-жылдын 24-майына чейин «Кыргызкөмүр» ишканасын жетектеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM