Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жасалма акча сатуу менен алектенген жаран кармалды

Кыска кабар | 22 Июл 2022 | 359 | 0

Бишкек шаарынын аймагында жасалма чет элдик акча каражатын сатып жаткан Азербайжандын М.Ш.Г. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Ал 21-июлда 3800 АКШ доллары өлчөмүндө чет элдик валютадагы жасалма акчаны сатуу учурунда колго түшкөн.

Убактылуу жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда 17400 АКШ доллары өлчөмүндө жасалма акча каражаты табылды.

Азыркы учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, кылмышка тиешеси барларды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM