Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия президенттеринин жолугушуусу өтүп жатат

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 1039 | 0

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 21-июлда Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу башталды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров №2 мамлекеттик резиденциянын конгресс-холлунун астында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин ар бири –

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев,

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон,

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов,

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен учурашты.

Учурашуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү каадасы аяктагандан кийин мамлекет башчылары Консультативдик жолугушуу үчүн жыйындар залына өтүштү. Учурда президенттер сөз сүйлөп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM