Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 463 | 0

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан мейманды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Бүгүн Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери бир катар документтерге кол коюп, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. 

Бүгүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да өлкөгө келди. Кечээ, 20-июлда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келишкен.

Англис тилинде эркин сүйлөйт. Сердар Бердымухамедовдун биографиясы

Сердар Бердымухамедов 40 жашта. Ал быйыл март айында Гурбангулы Бердымухамедовдон кийин Түркмөнстандын президенти болгон. Бул анын Кыргызстанга алгачкы сапары.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM