Биз менен байланышыңыз

Англис тилинде эркин сүйлөйт. Сердар Бердымухамедовдун биографиясы

Блог | 15 Мар 2022 | 931 | 0

Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды. Аталган шайлоодо тогуз талапкер ат салышкан. Алардын ичинен фаворит деп эсептелген Сердар Бердымухамедов 72,97% добуш алып, жеңүүчү деп табылды.

Муну менен Сердар Бердымухамедов Борбор Азиядагы, жадагалса Евразия чөлкөмүндөгү эң жаш президент болду.

Сердар Бердымухамедов 1981-жылы 22-сентябрда Ашхабад шаарында тиш доктур Гурбангулы Мяликгуевич Бердымухамедовдун үй-бүлөсүндө туулган.  «Сердар» аты түркмөн тилинде «жетекчи» деген маанини берип, бул Түркмөнстанда кеңири таралган. Сердар Бердымухамедовдун эки эжеси бар — Гүлжахан жана Гүлшан.

Сердар Бердымухамедов 1990-жылдардын аягында Ашхабаддагы орто мектепти бүтүрүп, ошол эле жерден 2001-жылы Сапармурад Ниязов атындагы Түркмөн айыл чарба университетин инженер-технолог адистигин бүтүргөн.

Сердар Бердымухамедовдун өз өлкөсүндө президенттик шайлоого катышуусу үчүн былтыр «жол ачылган». Тагыраак айтканда, Түркмөнстандын Башмыйзамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилген.

2008-жылга чейин тамак-аш өндүрүшү боюнча бирикмени жетектеген. Ал негизинен өлкөдөгү айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо жагын тейлегени айтылат.

2008-жылдан баштап дипломатиялык карьерасы башталган. Москвада дипөкүлчүлүктө иштеп жүргөн кезинде экинчи жогорку билими — эл аралык мамилелер боюнча окуган.

2011-жылдан тарта Батыштагы дипломатиялык карьерасы башталып, ал жакта да бир катар абройлуу окуу жайлардын дарстарына катышкан.

Кийинчерээк ал Түркмөнстанга кайтып келип, өлкөсүндөгү бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Ал облус жетекчиси, парламент депутаты, министр болуп, былтыр атасынын «орун басары» катары иштей баштаган.

Англис жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү. Бирок анын үй-бүлөсү, жубайы тууралуу маалыматтар ачык булактарда дээрлик жокко эсе. Википедиядан алынган маалыматтарга ылайык, Сердар Бердымухамедов 2001-жылы 20 жашында үйлөнгөн. Айрым булактарда анын 4 баласы бар деп жазса, айрым булактар 3 баласы бар деп жазып келет.

Белгилей кетсек, Түркмөнбашы Гурбангулы Бердымухамедовдун да жубайы Огулгерек Бердымухамедова тууралуу ачык булактарда маалыматтар жокко эсе. Ал эми алгачкы расмий сүрөтү былтыр Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында 27-ноябрда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусунда жарыяланган.

Эрдоган Түркмөнстанга жубайы Эмине Эрдоган менен барган. Эки өлкө башчынын жубайлары менен бирге түшкөн сүрөттөрү жарыяланган.

Түркмөнстанда ушул жылы 12-мартта президенттик шайлоо болуп өттү. Бул жолу Гурбангулы Бердымухамедов шайлоого катышпай турганын жарыялап, жолду «жаш лидерге бошотууну» каалаганын айткан.

Билими

2001-жылы Түркмөнстан айыл чарба университетин инженер-технолог адистиги боюнча аяктаган.

2011-жылы Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын экинчи жогорку билим берүү программасы боюнча эл аралык мамилелер адистиги боюнча аяктаган.

2013-жылы Женевадагы коопсуздук саясаты борборун Европа жана эл аралык коопсуздук адистиги боюнча аяктаган.

2014-жылдын августунан бери – техника илимдеринин кандидаты.

2015-жылдын июль айынан бери – техника илимдеринин доктору.

Эмгек жолун 2001-жылы Түркмөнстандын тамак-аш өнөр жай бирикмесинин тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштөөдөн баштаган.

2001-2003-жылдары — Түркмөнстандын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн.

2003-2008-жылдары Түркмөнстандын тамак-аш өнөр жай бирикмесинин жашылча-жемиш өнөр жайы боюнча башкы башкармалыгынын башкы адиси, сыра, алкоголсуз жана шарап өнөр жайы бөлүмүнүн башкы адиси болгон.

2008-2011-жылдары Түркмөнстандын Орусиядагы элчилигинин министр кеңешчиси, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын студенти болгон.

Эмгек жолу

2011-2013-жылдары — БУУнун Женевадагы (Швейцария) кеңсесиндеги Түркмөнстандын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси, Женева коопсуздук саясаты борборунун студенти.

2013-жылы Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин Европа өлкөлөрү бөлүмүнүн башчысы болгон.

2013-2016-жылдары — Көмүр суутек ресурстарын башкаруу жана пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.

2016-2017-жылдары — Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык маалымат департаментинин башчысы.

2016-жылдын ноябрында Түркмөнстан Межлисинин 5-чакырылышында мурда чыгып кеткен депутаттардын ордуна кошумча шайлоодо депутат болуп шайланган.

2017-жылдын 20-мартында Түркмөнстан Межлисинин Мыйзам чыгаруу жана анын нормалары боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланган.

2018-жылдын 25-мартында VI чакырылыштагы Түркмөнстандын Межлисинин депутаты болуп шайланган.

2018-жылдын 30-мартында Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин орун басары болуп дайындалган.

Сыйлыктары

Magtymguly Pyragy медалы;

Түркмөнстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу (28.09.2017);

Мяликкули Бердымухамедов (27.10.2017) медалдары менен сыйланган.

Аккан арыктан суу агат же жакынкы тарыхтагы ата-бала президенттер

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM