Connect with us

Аккан арыктан суу агат же жакынкы тарыхтагы ата-бала президенттер

Блог | 17 Фев 2022 | 1303 | 0

Түркмөнстанды дээрлик 15 жыл башкарган Гурбангулы Бердымухамедов жакында эле өлкөнүн тизгинин жаштарга берүү керектигин жарыялап, өзү эл башкаруудан «чарчаганын» айтты. Андан көп өтпөй, жакында боло турган президенттик шайлоого анын 40 жаштагы уулу Сердар Бердымухамедов талапкерлигин койду.

Атасынын арты менен бийлик башына келген мисалдар жакынкы тарыхта көп эле кездешет. Төмөндө өлкөсүндө монархиялык башкаруу четке кагылса да, атасынын артынан «демократиялык жол» менен же ошого «окшоштурулган» таризде бийликке келген президент жана премьер-министрлер тууралуу кеп болмокчу.

Азербайжан: Ата-бала Алиевдер

Азербайжанды 10 жыл башкарган Гейдар Алиевдин өлүмүнөн соң, анын уулу Илхам Алиев шайлоо жолу менен мамлекеттин башына келген. Жалпы эсепте президенттик шайлоолордо 4 жолу кайра шайланган Илхам Алиев учурда Азербайжандын президенти. Ал эми анын жубайы Мехрибан Алиева вице-президент, кыздары да өлкөдөгү саясий-коомдук иштерде өтө активдүү.

Анын ишмердиги тууралуу эки ача пикирлер бар. Айрым рейтингдерде Азербайжанда туруктуулук, экономикалык өсүү, саясий-экономикалык абал жакшы деп бааланса, бир катар эл аралык уюмдар Азербайжандын президентин автократияны, диктатордук режимди орнотууда деп сындап келишет.

Илхам Алиевдин рейтинги акыркы кезде өз өлкөсүндө бир топ өскөн. Буга Армения менен болгон тирешүүдө айрым жерлерди кайтарып алуусу себеп болгону айтылат.

АКШ: Буш жана Адамс

Демократиянын коргоочусу деп билген АКШда шайлоолор өтө маанилүү жана президенттик орун үчүн катуу күрөш жүрөт. Бийликти атадан балага калтыруу түшүнүгү бул өлкөдө жок, бирок АКШ тарыхында атасынан кийин шайлоо жолу менен бийликке келген эки учур катталган.

АКШнын алтынчы президенти Жон Куинси Адамс — экинчи президент Жон Адамстын уулу. Ал өлкөнү 1825-1829-жылдар аралыгында башкарган. Саясий карьерасынын урунттуу учурларынан мисал келтирсек, 1809-1814-жылдары Орусияда элчилик кызматты аркалаган. Жон Куинси Адамс 1797-жылы лондондук аял менен баш кошуп, АКШ тарыхында жубайы америкалык болбогон алгачкы президент катары калган. Ал эми 2016-жылдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Трамп чет өлкөлүк аялга баш кошкон экинчи президент болду.

Жорж Уокер Буш (же кичи Жорж Буш) АКШнын 43-президенти. Анын атасы улуу Жорж Буш АКШнын 41-президенти болгон. 11-сентябрь окуяларын башынан өткөргөн, Ирак жана Ооганстанды басып алуу менен тарыхта калган Жорж Буштун саясий карьерасы Техас штатынын губернатору болуудан башталган. Учурда кичи Жорж Буш саясий жараяндарга катышпай, ардактуу эс алууда. Ал эми атасы 2018-жылы 94 жашында каза болгон.

Белгилей кетсек, АКШ тарыхындагы «ата-бала» саясатчылар жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен бийликке келишкен.

Сирия: Хафиз жана Башар Асад

Сириянын мурунку президенти Хафиз Асад өлкөнү 1971-жылдан 2000-жылга чейин башкарган. Сирия монархиялык башкаруудагы өлкө болбосо да, Асаддын уулу кезектеги президент болору айдан ачык болчу. Бирок «мурскор канзаада» Башар Асад эмес, анын агасы Басил Асад эле.

Башар Асад болсо, Лондондо медициналык билим алып, өзү сүйгөн көз доктур кесибинде иштеп жүргөн. 1994-жылы агасы Басил Асад жол кырсыгынан каза таап, Хафиз Асад кичүү уулу Башарды Дамаскка тезинен чакырып алган. Белгилеп кетүүчү жагдай, Хафиз Асад Кыргызстандагы авиациялык окуу жайда да билим алган.

Башар Асад өз өлкөсүнө кайтып келип, аскердик академияга тапшырган. Анын аскердик карьерасы өтө тездик менен өсүп, капитан болгон. Ал арада өлкөнүн Башмыйзамына өзгөртүү киргизилип, президенттикке талапкерлердин жашы 40 жаштан 34 жашка түшүрүлгөн. Ошол жылы Башар Асад 34 жашка толгон эле.

2000-жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан Башар Асад 2011-жылы башталган Сириядагы согушта да өз бийлигин сактап калды. 2021-жылы өткөрүлгөн шайлоодо ал 95,1% добуш алып, дүйнөлүк рекордго жакындап барды. Бирок эл аралык коомчулук Башар Асад өткөргөн бул шайлоону толук тааныбай келет. Анткени дээрлик 10 жылга созулган согушта Сириянын миллиондогон калкы качкын болуп, жүз миңдеген жаран каза тапты. Качкын болуп жүргөн сириялыктар шайлоо укугунан пайдалана алышкан жок.

Канада: Пер Эллиотт жана Жастин Трюдо

Канаданын учурдагы өкмөт башчысы Жастин Трюдо 2015-жылы канадалык либералдардын жетекчиси катары шайлоодон жеңип чыккан. Ал эми анын атасы Пер Эллиотт Трюдо мамлекеттин 15-өкмөт башчысы болуп саналат. Тагыраак айтканда, 1968-1979, 1980-1984-жылдары өкмөт башчы болгон. Эллиотт Трюдо мыйзам чыгаруучу органды Британия парламентинен Оттавага көчүргөнү жана так ушул кадамы менен Канаданы толук эгемен өлкөгө айлантканы үчүн тарыхта калган.

Ал эми анын уулу Жастин Трюдо атасы Канаданы жетектеп турган учурда, 1971-жылы дүйнөгө келген. Туура 44 жылдан кийин ал 2015-жылы шайлоо жолу менен Канаданын өкмөт башчысы болгон. Жастин Трюдо саясатта алгачкы жолу 2000-жылы атасынын жаназасында сүйлөгөн таасирдүү сөзү менен таанылган. Ал бийликке келгенде экономикалык реформаларды убадалап, орто жана чакан бизнес үчүн салыктарды азайтуу жана бай жарандарга карата салыктарды көбөйтүүнү ишке ашырган.

Түндүк Корея: «Түбөлүктүү» Ким династиясы

«Эл», «демократия», «республика» сыяктуу сөздөрдү өлкөнүн аталышында гана колдонгон Түндүк Корея башкаруу түзүмү боюнча монархиядан да өтүп кеткен. Учурда бул өлкөнү Кимдердин үчүнчү мууну башкарууда. Эгер абал ушул бойдон уланса, бул салт жакын арада жоюлчудай эмес.

Түндүк Кореянын туңгуч башкаруучусу Ким Ир Сенден кийин бийликти уулу Ким Чен Ир өткөрүп алган. Ал 2011-жылы каза болуп, Түндүк Кореяны анын уулу Ким Чен Ын колго алган.

Кимдердин үчүнчү мууну башкарып жаткан бул өлкөдө учурда ачарчылык жана жакырчылык өтө кескин өскөн.

Түштүк Корея: Атасынын жолун жолдогон кызы

Пак Кын Хе 2013-2017-жылдары Түштүк Кореянын президенти болуп, аягында коррупциялык жаңжалдан улам ага парламент импичмент жарыялаган. Ал эми анын атасы Пак Чон Хи 1962-1979-жылдары Түштүк Кореянын президенти болгон. Түштүк Кореянын экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсү да дал ушул мезгилдерге туш келет. Алар негизги атаандашы Түндүк Кореяны өнүгүү жагынан (азыр күлкүлүү угулушу мүмкүн, бирок Корей жарым аралдарындагы согуштан кийин Түштүк Корея Түндүк Кореяга караганда экономикалык абалы оор учур болгон) озуп өтүп, «Түштүк Кореянын экономикалык керемети» деп аталган максатына жетишкен. Экономикалык реформалары менен рейтинги өскөн Пак Чон Хи 1979-жылы саясий тирешүүлөрдүн курмандыгына айланып, киши колдуу болгон.

Ал эми анын кызы Пак Кын Хенин саясий карьерасы 1998-жылы башталып, ал 2012-жылга чейин парламенттин үч чакырылышына депутат болгон. 2004-2006-жылдары Түштүк Кореядагы эң ири партиялардын бирин жетектеп, ар кайсы деңгээлдеги 40ка жакын шайлоону жеңип чыккан. 2007-жылы президенттикке аттанууну чечип, бирок партия ичиндеги праймеризде жеңилип калган. 2012-жылы президенттик шайлоого катышып, Түштүк Кореянын тарыхында алгачкы аял президент болгон. Бирок анын президенттик мөөнөтү 2017-жылы импичмент менен аяктады. Ал ири суммадагы коррупциялык иштер жана мамлекеттик сырды сактабоого айыпталып, 25 жылдык абак жазасына тартылган. Бирок былтыр декабрда Түштүк Кореянын учурдагы президенти Мун Чжэ Ин экс-президентке ырайым кылып, аны абактан мөөнөтүнөн мурда бошотту.

Түркмөнстан: Атасынын жалгыз уулу президенттикке аттанды

Сердар Бердымухамедов – учурдагы президенттин жалгыз уулу. Ал былтыр Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Ал эми Минкабдын төрагасы — атасы Гурбангулы Бердымухамедов.

Сердар Бердымухамедов учурда 40 жашта, президенттик шайлоого катышуусу үчүн конституциялык жол толугу менен ачык десе болот. Ал жакында эле Түркмөнстанда өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары каттоодон өттү. Түркмөнбашынын жалгыз уулу Ашхабаддагы агрардык институтта окуп, «инженер-технолог» адистигине ээ болгон. 2008-жылга чейин тамак-аш өндүрүшү боюнча бирикмени жетектеген.

2008-жылдан баштап дипломатиялык карьерасы башталган. Москвада дипөкүлчүлүктө иштеп жүргөн кезинде экинчи жогорку билими — эл аралык мамилелер боюнча окуган. 2011-жылдан тарта Батыштагы дипломатиялык карьерасы башталып, ал жакта да бир катар абройлуу окуу жайлардын дарстарына катышкан. Кийинчерээк ал парламент депутаты, министр болуп, былтыр атасынын «орун басары» катары иштей баштаган.

Түркмөнстанда ушул жылы 12-мартта президенттик шайлоо өтөт. Бул жолу Гурбангулы Бердымухамедов шайлоого катышпай турганын жарыялап, жолду «жаш лидерге бошотууну» каалаганын айткан. Белгилей кетсек, түркмөн тилинен которгондо «Сердар» сөзү «лидер, жетектөөчү» дегенди түшүндүрөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM