Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын капиталын көбөйтүү пландалууда

Кыска кабар | 20 Июл 2022 | 278 | 0

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын капиталын жыл аягына чейин 12 млрд сомго чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу 20-июлда өткөн маалымат жыйында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Маалыматка караганда, ипотекалык компаниянын капиталы 2021-жылы 5,7 млрд сомду түзгөн.

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджеттен бөлүнгөн сумма 7,5 млрд сомду түздү. Бирок министр башка каржы институттарынан жардам күтөрүн билдирди.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы июлда негизделген. Биринчи ипотекалык насыялар 2016-жылдын март айынан тарта бериле баштаган.

Бүгүнкү күнгө чейин 7 100 үй-бүлө турак-жайлуу болушкан жана бул үчүн компания 10 млрд сомдон ашык акча каражат жумшаган.

2016-жылы ишке кирген биринчи турак-жай программасынын алкагында 5 200 жаран үйлүү болгон.

Ал эми 2021-жылы иштеген «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында 9 айда 4,5 млрд сомго 1 700дөн ашуун үй-бүлө турак-жайлуу болушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM