Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Борбор Азияда атаандашуу эмес, кызматташуу маанилүү

Кыска кабар | 20 Июл 2022 | 527 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды.

Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри  Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов катышты.

Садыр Жапаров жакынкы коңшулар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен пайдалуу алакаларды тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ал эки тараптуу мамилелерден тышкары, Борбор Азиянын ар бир мамлекетинин да өнүгүүсү маанилүү экенин айтты.

Мамлекет башчы кыргыз тарап соода көлөмүн көбөйтүү, чет элдик түз инвестицияларды тартуу, атаандаштык эмес, кызматташуу, бири-бирин толуктоо маанилүү деп эсептей турганын кошумчалады.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери 21-июлда боло турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна документтердин жетиштүү көлөмдөгү топтому даярдалганын айтышты.

Жолугушуунун катышуучулары Ысык-Көлдө өтө турган саммит Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерге жаңы дем берерине ишеним билдиришти.

21-июлда Чолпон-Атада Борбор Азия лидерлеринин жыйыны өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM