Биз менен байланышыңыз

Санарип министрлиги SpaceX менен кызматташат

Кыска кабар | 19 Июл 2022 | 508 | 0

Байланыштын сапатын жакшыртуу үчүн кошумча ресурс тартуу максатында SpaceX менен кызматташуу иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда өткөн маалымат жыйында санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.

«Huawei компаниясы менен жаңы 5G технологиясын сыноого даярдыктар көрүлдү. Биринчи августтан баштап пилоттук долбоорду өткөрөлү деп жатабыз», — деди министр.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстандагы калктуу конуштардын 98,2% уюлдук байланыш менен камтылган.

SpaceX — космикалык техникаларды чыгаруучу ири америкалык компания. Ал бир нече космостук инновациялык долбоорлорду ишке ашырып келет. Анын ичинде Айга жүргүнчү ташуучу кемени ишке киргизүү долбоору да бар.

18-июлдан тарта мамлекеттик органдардын жетекчилери 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасаган иштери тууралуу жалпыга отчётун берип жатат.

19-июль күнү Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги отчет берди.

Эртең, 20-июлда Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматтары угулат. Жолугушуулар суроо-жооп иретинде өтүүдө.

2023-жылы Илон Масктын спутниктик интернети Кыргызстанда тартышы мүмкүн

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM