Биз менен байланышыңыз

2023-жылы Илон Масктын спутниктик интернети Кыргызстанда тартышы мүмкүн

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 432 | 0

Илон Масктын  Starlink спутниктик интернети 2023-жылы Кыргызстанда да тарта башташы мүмкүн. Бул маалымат SpaceX компаниясынын «Твиттер» баракчасында айтылды.

Анда 2023-жылы спутниктик интернет жабдууларын 32 өлкөгө жөнөтүү мерчемделип жатканы айтылып, ал өлкөлөрдүн жайгашуу картасын жарыялады.

Картадан көрүнүп тургандай, эмдиги жылы интернет бериле турган өлкөлөрдүн катарына Азия чөлкөмүнөн Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Ирак, Сауд Арабия, Индия сыяктуу бир катар өлкөлөр белгиленген.

Ал эми Украина, Норвегия, Швеция сыяктуу бир катар өлкөлөр кезек күтүп жатканын да байкай алабыз.

Андан тышкары картадан Батыш Европанын жана Түндүк Американын дээрлик көпчүлүк өлкөсүндө, Австралиянын түштүк бөлүгүндө Starlink спутниктик интернети бар экенин көрүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM