Биз менен байланышыңыз

Ички иштер министри: Быйыл кылмыштуулук 47% азайды

Кыска кабар | 18 Июл 2022 | 786 | 0

Кыргызстанда быйыл алты айда кылмыштуулук 47 пайызга кыскарды. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат жыйынында айтты.

Министрдин маалыматы боюнча, өткөн жылы биринчи жарым жылдыкта 43 миң 159 кылмыш катталса, быйыл 22 миң 634 учур болду.

Кылмыштардын саны 20 миң 525ке, коомдук жайларда жасалган кылмыштардын саны 16 пайызга азайган.

Зордук-зомбулук жана өзгөчө оор кылмыштар 30 пайызга, адам өлтүрүү 6 пайызга, зордуктоо 45 пайызга, опузалоо 63 пайызга, алдамчылык 25 пайызга, унаа уурдоо 26 пайызга, уурулук 26 пайызга азайган.

Кылмыштуулуктун басымдуу бөлүгү 29 жаштан 49 жашка чейинкилер арасында катталат.

Мындан тышкары, экстремизм чөйрөсүндө 204 кылмыштын бети ачылып, 1678 материал катталып, 40ка жакын экстремисттик сайттар жабылды.

Жыл башынан бери ИИМ 10 миңге жакын кылмыш ишин сотко өткөрүп берген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 пайызга көп.

18-июлдан тарта мамлекеттик органдардын жетекчилери 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасаган иштери тууралуу жалпыга отчёт бере баштады.

Жолугушуу бейформал тартипте өтүп, алгач тиешелүү министрлер отчёт берип, андан соң медиа өкүлдөрү менен суроо-жооп, баарлашуулар болот.

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинети менен өткөргөн жыйынында мамлекеттик органдын жетекчилерин элге, медиа тармакка ай сайын отчёт берип турууну милдеттендирген.

Copyright © 2017 Maral FM