Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель үч күн маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, электр кабелин алмаштырууга жана вентиляция системасын калыбына келтирүүгө байланыштуу тоннелге 15-16-17-июль күндөрү убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Саат 04:00дөн 06:00гө чейин, саат 10:00дөн 12:00гө чейин жана 14:00дөн 16:00гө чейин унаалардын кыймылы чектелет.
Эске салсак, 5-июлда тоннелдин ичинде унаа өрттөнүп, электр жарыгы жана вентиляция системасы жабыркаган. Тоннелдин дагы 500 метрдей аралыгын калыбына келтирүү керектиги айтылды.