Биз менен байланышыңыз

Алты айда тышкы карызды тейлөөгө 10,9 млрд сом жумшалды

Кыска кабар | 14 Июл 2022 | 202 | 0

Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2022-жылдын январь-июнь айларына республикалык бюджеттен 16,5 млрд сом каралган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 540,3 миллион сомго көп.

Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында айтты.

Анын ичинде:

– тышкы карызды тейлөөгө – 10,9 млрд сом;

– ички карызды тейлөөгө – 5,5 млрд жумшалды.

Өлкөнүн мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруунун алкагында төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлдү:

— Финансы министрлиги менен Немец өнүктүрүү банкынын (KFW) ортосунда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын 14,9 млн евро суммасындагы карызын конверсиялоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду;

— 2022–2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруунун жаңы стратегиясы кабыл алынды;

— Министрлер кабинети менен Франция өкмөтүнүн, Сауд өнүктүрүү фондунун жана Түркия өкмөтүнүн ортосунда үстүбүздөгү жылга карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM