Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Ар бир кыргызстандыктын жашоосун жакшыртууга көңүл бурабыз

Кыска кабар | 14 Июл 2022 | 716 | 0

«Биз ар бир кыргызстандыктын жашоосун жакшыртууга көңүл бурабыз. Айлыктарды, пенсияларды, жөлөк пулдарды көтөрөбүз. Бул үчүн миллиарддаган сом керек». Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 14-июлда Министрлер кабинетинин жыйынында айтты.

Жапаров быйыл 1-январдан тарта жөлөк пулдун өлчөмү, 1-апрелден тарта дарыгерлердин, мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин айлыгы, июндан тарта жөлөк пул көтөрүлгөнүн эске салды.

1-августтан тарта бардык мамлекеттик кызматкердин маянасы жогорулашы күтүлүүдө. Ошондой эле былтыртан тарта күч түзүмдөрүндө иштегендердин айлыктары көтөрүлүп жатат.

Жапаровдун айтымында, быйыл мамлекеттик кызматкерлердин маянасы дээрлик эки эсе жогорулады.

2022-жылдын алты айында өлкөнүн ИДПсы 6,3 пайызга өстү. Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алты ай ичинде өлкөнүн ИДПсы 6,3 пайызга өсүп, номиналдык көлөмү 335,3 млрд сомду түздү.

Бул пандемияга чейинки 2019-жылга караганда 89,7 млрд сомго көп.

Президент пандемия, климаттык өзгөрүүнүн, чыгыштагы кырдаалдын кесепеттерине карабастан ушундай жетишкендиктер болуп жатканын билдирди.

Бүгүн, 14-июлда президенттин төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Анда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Министрлер кабинетинин отчёту угулууда.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM