Биз менен байланышыңыз

Милиция жарандарды банктык реквизиттерин жарыялабоого чакырат

Кыска кабар | 12 Июл 2022 | 650 | 0

Бишкек милициясы жарандарды банктык картасынын реквизиттерин ачыкка чыгарбоого чакырат. Анын ичинде төрт орундуу ПИН-кодду жана арткы бетинде көрсөтүлгөн үч орундуу CVV кодун берүүгө болбойт.

«Алдамчылар сизге чалганда банктардын чыныгы телефон номурлары көрсөтүлүшү мүмкүн. Ошондой эле алар өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери, банктын коопсуздук кызматы же каржы-кредиттик уюмдардын кызматкерлери катары көрсөтүшү мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле шектүү электрондук почталардын шилтемелерин басып, белгисиз программаларды жүктөөнүн кереги жок. Шектүү сайттардагы сатып алуулар үчүн төлөөдөн сак болуңуз, алуучу жөнүндө так болбосоңуз, акча которбоңуз.

«Эгер алдамчылар сиздин маалыматтарды алып, картадан акча чыгарып салышкан болсо, банкка чалып, картаны бөгөттөп, акчаны уурдап кеткенин айтып, милицияга арыз жазышыңыз керек», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Copyright © 2017 Maral FM