Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 12 Июл 2022 | 378 | 0

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайты маалымдады.

Өкмөт башчылар соода-экономикалык, энергетика, айыл чарба жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Мындан тышкары Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигинде интеграциялык кызматташтыкты тереңдетүүгө көңүл бурушкан.

Copyright © 2017 Maral FM