Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортунун жаңы жетекчисинин өмүр баяны

Кыска кабар | 8 Июл 2022 | 9136 | 0

«Манас» аэропортунун жетекчиси алмашып, 7-июлда Бакыт Шаршеевдин ордуна Манас Самидинов дайындалды.

Анын ишмердүүлүгү тууралуу интернет булактарында маалымат дээрлик жок болгондуктан көпчүлүк өмүр баянына кызыгып жаткан. Буга байланыштуу аэропорттун басма сөз кызматы жаңы жетекчинин эмгек жолу тууралуу маалымат берди.

Манас Самидинов 1986-жылы 14-ноябрда туулган.

2012-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтун «бажы тармагы» адистигинде, 2020-жылы ушул эле окуу жайдын юридика факультетин «юриспруденция» боюнча аяктаган.

Эмгек жолун Nicon компаниясында насыя боюнча адис болуп иштөө менен баштаган. Ошондой эле Blue Three Central Asia ЖЧКсында башкы директордун жардамчысы, Forester жана «Сибирь Трейд» ЖЧКсында соода өкүл, «Нур Телеком» ЖЧКсында корпоративдик сатуу боюнча менеджер, «Самарс Групп» ЖЧКсында башкы директор кызматтарында иштеген.

2022-жылдын февраль айынан бери «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын башкы директору кызматын аркалап келген.

Үй бүлөлүү, үч баласы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM