Биз менен байланышыңыз

Градусник сынганда эмне кылуу керек?

Кыска кабар | 8 Июл 2022 | 388 | 1

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги градусникти колдонуу жолдорун айтып берет.

Бөлмө ичинде градусник сынып, сымап майда бөлүкчөлөргө чачыраган учурда эң биринчи кадам бөлмөнүн эшик-терезесин ачып, таза аба кирүүсүнө шарт түзүңүз.

Жердеги сымапты резина кол кап кийип, сууланган гезит, эң майда бөлүкчөлөрүн лейкопластырдын жардамы менен чогултуңуз. Чаң соргучту колдонууга болбойт.

Чогултулган сымапты суу куюлган желим бөтөлкөгө салып, оозун бек жабыңыз. Таштандыга, сыртка, унитазга таштаганга болбойт. Уулу затты зыянсыздандыруучу адистерге кайрылыңыз.

Сымап төгүлгөн жерди самын жана соданын ысык суудагы аралашмасы же хлор, марганцовка менен жууп тазалаңыз.

Сымапка уулануунун белгилери:

— Адам сымапка катуу ууланганы 8-24 саат ичинде билинет;

— Алсыз болуу;

— Табиттин жоголушу;

— Баш оору;

— Шилекей жутканда тамактын оорушу, оозго темирдин даамы келиши;

— Ооз көңдөйүнүн канашы;

— Ич оруу;

— Көңүл айнуу, кусуу;

— Ич өтүү;

— Шишик пайда болот. Мына ушу белгилер пайда болгондо, жакын жердеги медициналык мекемедеги дарыгерге кайрылып, тийиштүү жардам алыңыз.

1 пикир

1 пикир

  1. Adecas

    08.07.2022 15:13

    Ртуть эмес СЫМАП болот кыргызча.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM