Биз менен байланышыңыз

Курман айтта күндүн табы көтөрүлөт

Кыска кабар | 8 Июл 2022 | 279 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 9-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +28…+33,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +22…+27,

Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +28…+30 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM