Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы Түрк мамлекеттер уюмунун инвестициялык фонду түзүлгөнүн кабарлады.
Фонд түзүү боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында 5-6-июлда Түркиянын Стамбул шаарында жыйын өттү.
Министрликтин маалыматына караганда, фонддун баштапкы капиталы 350 млн долларды түзөт. Ал түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр тарабынан (Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан) бирдей үлүштө түзүлөт.
Инвестициялык фондду түзүүнүн максаты, сооданы кеңейтүү жана экономикалык кызматташтыкты колдоо жолу менен уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат.