Биз менен байланышыңыз

«Ысык-Көл» аэропортунан кайсы өлкөлөргө учууга болот?

Кыска кабар | 7 Июл 2022 | 530 | 0

Быйыл жай мезгилинде «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болот?

Казакстан:

Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча каттамдарды «SCAT» авиакомпаниясы дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат.

15-июлдан тарта дагы 3 каттамга көбөйтүү  пландалууда (шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү).

Орусия:

Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча каттамдарды «Аэрофлот» авиакомпаниясы бейшемби жана ишемби күндөрү аткарат.

10 июлдан тарта 2 каттамга көбөйтүлөт (шейшемби жана жекшемби күндөрү).

Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча учуулар “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы аркылуу күн сайын аткарылат.

Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча учуулар «Сибирь» авиакомпаниясы аркылуу жекшемби күндөрү аткарылат.

Ички каттамдар:

Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча учуулар «Тез Жет» авиакомпаниясы аркылуу шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү аткарылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM