Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Т.М. жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алууга шектелүүдө.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.
УКМКнын маалыматына караганда, 2003-жылы Т.М. КУУнун экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз тапшырган.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, анын ичинде судья Т.М. жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдалануу фактысын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.