Алтынбек Эргешов президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Алтынбек Эргешов 13-июнда президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулган.
Конституциянын 71-беренесине ылыйык, президенттин Нарын облусундагы буга чейинки ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.