Биз менен байланышыңыз

Кой-Таштагы аскер бөлүктө кызмат өтөгөн жоокер өзүн-өзү атып алды

Кыска кабар | 4 Июл 2022 | 414 | 0

Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы Ж.Э., аттуу жоокер өзүн-өзү атып алган. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 4-июлга караган түнү саат 02:00 чамасында болгон. 22 жаштагы жоокер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктан улам өзүнө ок чыгарып алганы жана жаракатынан улам көз жумганы айтылды.

Окуя болгон жерде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчилиги, Аскердик прокуратуранын кызматкерлери, Аламүдүн райондук милициясынын эксперттери жана аскер бөлүктөрүнүн командачылыгынын курамынан түзүлгөн комиссия иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM