Биз менен байланышыңыз

Султанбаев чагымчыл билдирүү жасоодон карманууга чакырды

Кыска кабар | 3 Июл 2022 | 336 | 0

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев коңшу мамлекетте болуп жаткан окуяларга байланыштуу Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Анда ал Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө катары башка бир дагы чет мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүгө укугу жок, чет мамлекеттерде болуп жаткан процесстердин баары алардын ички иштери деп жазган.

Андыктан коомдук ишмерлерди, жарандык активисттерди, блогерлерди жана башка активдүү турмуштук позициясы бар адамдарды коңшу жана башка чет мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга карата ар кандай чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялоодон жана баа берүүдөн карманууга чакырды.

Ал тапта социалдык түйүндөрдө Каракалпакстандын борбору Нукустун көчөлөрүнүн канга толгон видеолору жана сүрөттөрү тарады. Өзбек ММКларынын маалыматына ылайык, бул көрүнүш демонстранттарды таркатуу максатында боёлгон сууларды чачууда пайда болгон. Бул маалыматын тактоо үчүн кызыл сууларды чачып жаткан атайы техниканын да чагылдырышты.

Азырынча Өзбекстан жабыркагандар жана каза болгондор боюнча расмий маалымат тарата элек.

 

Каракалпакстанда өзгөчө кырдаал киргизилди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM