Каракалпакстанда өзгөчө кырдаал киргизилди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ишемби күнү, 2-июлда өлкөнүн курамындагы Каракалпакстанга өзгөчө кырдаал киргизүүгө буйрук берди. Мындай режим 3-июлдан тарта бир айга созулмакчы. Мамлекет башчысы бул кадамын мекендештердин коопсуздугун камсыз кылуу, алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле мыйзамдуулукту жана тартипти орнотуу зарылдыгы менен түшүндүрдү. Ошондой эле, Мирзиёев өлкөнүн Баш мыйзамында Каракалпакстандын эгемендүүлүгү жөнүндө беренени сактап калуу … Читать далее Каракалпакстанда өзгөчө кырдаал киргизилди