Биз менен байланышыңыз

Каракалпакстанда өзгөчө кырдаал киргизилди

Дүйнө | 3 Июл 2022 | 1359 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ишемби күнү, 2-июлда өлкөнүн курамындагы Каракалпакстанга өзгөчө кырдаал киргизүүгө буйрук берди. Мындай режим 3-июлдан тарта бир айга созулмакчы.

Мамлекет башчысы бул кадамын мекендештердин коопсуздугун камсыз кылуу, алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле мыйзамдуулукту жана тартипти орнотуу зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Ошондой эле, Мирзиёев өлкөнүн Баш мыйзамында Каракалпакстандын эгемендүүлүгү жөнүндө беренени сактап калуу зарылдыгын билдирген: «Конституцияга өзгөртүүлөр азырынча кабыл алына элек, коомдук талкууга гана коюлду. Мен баса белгилейм: биздин жарандардын каалоо-тилектерин, сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу менен бул долбоор өзгөртүлүп, өркүндөтүлөт», — деди Мирзиёев.

Басма сөз кызматынын телеграм-каналында белгиленгендей, мамлекет башчынын Конституциянын 70, 71, 72, 74, 75-беренелерин өзгөртпөө сунушу Жокаргы Кенестин (жогорку мамлекеттик орган — ред.) депутаттары, Каракалпакстандын улуу муун өкүлдөрү жана активисттери менен болгон жолугушууда айтылды. 

Мирзиёевдин бул чечими каракалпакстандыктардын пикири жана сунуштары менен да байланыштуу деп белгилейт басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, бир күн мурун Каракалпакстандын Нукус, Муйнак жана башка шаарларынын тургундары массалык нааразылык акцияларына чыгышкан. Алар Өзбекстандын Конституциясына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөрдөгү Каракалпакстандын суверендүү макамы менен Өзбекстандан өз алдынча бөлүнүп чыгуу укугунан ажыратуу беренелерине каршылыгын билдиришкен. Аталган өзгөртүүлөр жана башка 168 өзгөртүү боюнча долбоор 25-июнда коомчулукка жарыяланган. Долбоор коомдук талкуулоого  5-июлга чейин коюлган.

Каракалпакстан Өзбекстандын аймагынын 40 пайызын ээлейт жана аянты боюнча өлкөнүн эң чоң аймагы болуп эсептелет. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, бул жерде 2 миллионго жакын адам жашайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM