Биз менен байланышыңыз

ЖРТнын босого упайы 5-июлда белгилүү болот

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Июн 2022 | 1917 | 0

Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого упайы 5-июлда белгилүү болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто жана кесиптик билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Асан кызы «Маралдын» эфиринде билдирди.

5-июлда ЖРТны кечирээк тапшыргандардын упайлары белгилүү болот, ошондон кийин босого упай аныкталат.

«Быйыл 60 миңден ашык окуучу мектептин 11-классын бүтүрдү. Ал эми ЖРТны 51 миңден ашуун абитуриент тапшырды. Акыркы болжолдуу маалыматтарга ылайык, 110 баллдан өйдө алгандардын саны 28 миңден ашуун, ал эми 105 баллдын тегерегинде 32 миңден ашуун абитуриент алып калды».  

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM