Бүгүн, 30-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Адылбек Касымалиев менен Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин трибунасында ант беришти.
Антты кабыл алууга президент Садыр Жапаров да катышты.
Айта кетсек, Бакыт Төрөбаев бул кызматка 31-мартта, ал эми Адылбек Касымалиев 17-июнда дайындалган.