Биз менен байланышыңыз

Жапаров тышкы карыз төлөнбөсө, кайсы объектилер Кытайга өтөрүн айтты

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 936 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда Жогорку Кеңештин трибунасында өлкөнүн ички жана тышкы карыздары тууралуу маалымат берди.

Ал Кытайга болгон карызын төлөй албай калсак, анда Бишкек ЖЭБинин, Датка-Кеминдин, Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу башка бирөөнүн колуна өтөрүн эскертти.

«2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 млн доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 млн долларга чейин мамлекеттик карыз төлөйбүз. Мунун ичинде 80 пайызы тышкы карыз. Биз эмне үчүн консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 400-500 млрд сомго жеткирели деп жатабыз? Анткени мамлекеттик карызды тейлөөгө алдыңкы беш жылда катары менен 35 млрд сомдон 50 млрд сомго чейин төлөшүбүз керек. Тышкы карыздын 50 пайызын Кытайдын Эксимбанкына төлөйбүз. Ал каражатты кантип жана кайдан табабыз деп беш жыл ойлонушубуз керек. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албасак, Бишкек ЖЭБинин, Датка-Кеминдин, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолдун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтүп кетет. Тактап айтканда, Кытайдын Эксимбанкы кайсы компанияны тандаса, ошол башкарып калат. Мындай фактылар Пакистан, Шри-Ланка өлкөлөрүндө катталганын жакшы билесиздер», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте өкмөттүн алты айда жасаган иштери боюнча маалымат берүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM