Ысык-Көлдөгү «Радуга» пансионатынын пляжында мушташуу фактысы текшерилип жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн, 29-июнда жергиликтүү тургундар менен пансионаттын коопсуздук кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыккан видео тараган.
Саат 12:50 чамасында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө окуя тууралуу маалымат түшкөн. Ал каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жана милициянын ыкчам бөлүмү барган.
Мушташтын бардык катышуучулары Ысык-Көл РИИБне жеткирилген. Уруштун себептери жана жагдайлары аныкталып жатат.
Пансионаттын коопсуздук кызматкерлери менен жергиликтүүлөр мушташа кетти