Биз менен байланышыңыз

Пансионаттын коопсуздук кызматкерлери менен жергиликтүүлөр мушташа кетти

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 390 | 0

Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы «Радуга» пансионатында көл жээгинде эркек балдардын мушташып кеткен видеосу тарады.

Инстаграмдагы black_list.kg баракчасындагы маалыматка караганда, Чолпон-Атадан келген жигиттер пансионаттын коопсуздук кызматкерлери менен мушташа кеткен. Окуя түшкү саат 12:00 чамасында болгон.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын, мушташкандар милицияга жеткирилгенин, кийинчерээк толук маалымат берилерин билдирди.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 13-майда «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, 2022-жылдын 1-июлунан тарта Ысык-Көлдүн тургундары пляж аймактарына тоскоолдуксуз кире алышат.

Менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына тоскоолдуксуз кирүү камсыз кылынат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM