Биз менен байланышыңыз

Шаршенбеков: Менин эң башкы атаандашым — өзүм

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Июн 2022 | 1764 | 0

Мен күн сайын өзүмдүн үстүмөн иштеп күрөшөм. Себеби жашоодо эң негизги атаандашым — өзүммүн. Мындай пикирин Азия чемпиону, грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков жайкы лагерде балдардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Ага: «Сиздин эң чоң жеңишиңиз кайсы болду эле?» — деген суроо узатылды.

«Көп балбанды жеңгем. Бирок мен өзүмдү жеңишим керек. Анткени качан гана өзүмдү өзүм жеңгенде ошондо эң чоң жеңишим ушул болот. Азыр мунун үстүнөн күн сайын иш алып барып жатам», — деди балбан.

Кыргызстандын жети облусунан чогулган 140 баланын жайкы лагерине Азия чемпиону, балбан Жоламан Шаршенбеков келди.

Ал балдарга грек-рим күрөшү боюнча айтып, спорт менен машыгуунун пайдаларын түшүндүрдү.

Балдар спортчуну шаңдуу, жакшы маанайда тосуп алып, суроолорун узатышты. Балбан бардык суроого жооп берип, чакан чеберчилик сабак өтүп берди. 

Иш-чарадан соң «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Айдар Кубанычбеков балбанга ыраазычылык иретинде «Боорукер жүрөк» медалын тапшырды.

Жакыр үй-бүлөлөрдөн келген, жардамга муктаж болгон балдардын жайкы лагери Америкада иштеген кыргызстандыктар, «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.

Программага ылайык балдар 5 күн акысыз эс алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM