Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу кеңешме өткөрүп, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору талкууланды.
Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев темир жолдун курулушу боюнча маалымат берди. Ал Торугарт – Макмал – Жалал-Абад каттамы боюнча жайгаша турган жолдун курулушунун алдын ала багытын белгиледи.
Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үстүбүздөгү жылдын декабрь айында аяктайт.
«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору өзгөчө маани бериле турган уникалдуу долбоор. Тармактык мамлекеттик органдар даярдык иштерин өз мөөнөтүндө жүргүзүүсү зарыл», — деди Жапаров.
«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу – үч өлкөнүн темир жолдорун жана Перс булуңундагы өлкөлөрдү, Түркиянын Европа темир жол тармагы менен туташтыруу үчүн долбоорлонгон темир жол магистралы болуп саналат.