Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» кенине туристтер үчүн экскурсиялар уюштурулат

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Июн 2022 | 1813 | 0

Бардык каалоочулар үчүн Кумтөр алтын кенине экскурсия уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова маалымат жыйында билдирди.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги жана туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жакынкы күндөрү экскурсия уюштуруп туруу боюнча келишимге кол коюлат.

«Каалагандар экскурсияга жазылып, кенди өз көзү менен көрө алышат. Мунун баасы болжолдуу түрдө 500 доллар болот деп жатабыз. Балким бир аз арзаныраак болот. Экскурсия бир эле күн болору пландаштырылууда.

Бул стратегиялык обьект болгондуктан албетте ар кандай кооптонуулар бар. Бирок эгер бир туризмди өнүктүрөбүз десек анда ушундай тобокелдүү кадамдарга барышыбыз керек», — деди Калашникова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM