Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Күндөн энергия алган алгачкы станциянын курулушу башталды

Кыска кабар | 22 Июн 2022 | 315 | 0

Кыргызстанда Күндөн энергия алууга мүмкүнчүлүк ачкан алгачкы станциянын курулушу башталды. Бул тууралуу «Бишкек Солар» ЖЧКсынын маалымат кызматы кабарлады.

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 мегаватт болгон Кыргызстандагы алгачкы Күндөн энергия алуучу станциянын курулушу 21-июнда башталды.

«КЭС 300 мВт. Тору-Айгыр-2022» долбоорун ишке ашырууга мамлекет тарабынан өнөктөш катары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги катышууда.

Компаниянын жетекчиси Азамат Искембаевдин айтымында, Күндөн энергия алуу — өлкөдөгү энергетикалык кризисти жоюунун бир жолу.

«Казакстандагы өнөктөштөр менен биргеликте 50 мегаваттык станциянын курулушу башталды. Бул Күн станциясынын жалпы кубаттуулугу 300 мегаватты түзөт. Бирок биз келечекте аны 1 гигаваттка чейин жеткирүүнү пландаштыруудабыз. Анткени Тору-Айгырда 1 чарчы метр жер 1600 ваттка чейин энергия бериши мүмкүн. Бул — Кыргызстан боюнча эң жогорку көрсөткүч», — деди Искембаев.

Станциянын ачылышына катышкан Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаевдин айтымында, бул долбоор эки өлкөнүн президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Садыр Жапаровдун жолугушуусунан кийин башталып жатышы маанилүү.

«Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы «Карасу» жана «Ак-Тилек» өткөрүү бекеттеринде чоң индустриалдык соода-логистикалык комплекс курулуп жатат. Анын жардамы менен белгиленген көрсөткүчкө жетерибизге ишеним бар. Жалпысынан быйылкы жыл биздин соода-экономикалык мамилелерибиздин алкагында өзгөчө мезгил болот. Ысык-Көл бир эле Кыргызстандын эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнүн бермети болуу менен экологиялык жактан таза, жашыл технологиялар өнүккөн аймак болууга тийиш. Эгер бул станция ишке кирсе, ал түз эле жолдун четинен Кыргызстан канчалык экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө көңүл буруп жаткандыгын көрсөтүп турат. Аймакка жашыл энергетика жаатындагы инвестицияны тартуу бул – кошумча жумуш орду, бекер энергия жана жаңы технологиялык өндүрүштөр», — деди элчи.

Маалыматка караганда, 300 МВт кубаттуулуктагы Күн электр станциясы жылына 600 млн. кВт. саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Бул 140 млн кубметр жаратылыш газына барабар.

Электр станциясынын иши 300 миң тонна СО2нин атмосферага бөлүнүшүн ооздуктай алат. Борборлоштурулган Күн электр станциясын орнотуу электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылып, аймактар үчүн кубаттуулуктун азайышын жокко чыгарат жана жаңы жумуш орундарын түзөт.

Евразия өнүктүрүү банкы, Жаратылыш ресурстары, эколгия жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги, МФЦА жашыл каржылоо борбору, «Бишкек Солар» ЖЧКсы Күн электр станциясынын биринчи этабын каржылоодо кызматташуу келишимине кол коюшкан.

Бул документке кол коюу иш-чарасы жакында Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумдун алкагында болгон.

Келишимге ылайык, аталган банк Күн электр станциясынын курулушуна 40 млн доллар каржылык колдоо көрсөтөт.

ПРООНдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда Күн энергиясынын станцияларынын кубаттуулугу 267 гигаватты түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM