Биз менен байланышыңыз

1-июлдан тарта коомдук транспорттун айдоочуларынын айлыгы көтөрүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июн 2022 | 438 | 0

1-июлдан тарта Бишкек шаарындагы автобус-троллейбустарга жол кире төлөм карта менен жүргүзүлө баштайт. Бул учурда айдоочулардын айлыгы сөзсүз көтөрүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Максат Нусувалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, айлыктарды эки эсеге жогорулатуу пландалууда.

«Троллейбус башкармалыгында иштеген айдоочуларыбыздын айлыктары 7-8 жылдан бери көтөрүлө элек болчу. Быйыл январь айынан баштап гана 40%га чейин көтөрүлдү. Так ушул практиканы биз автобус айдоочуларына киргизели деп турабыз».

Copyright © 2017 Maral FM