Кыргызстандык альпинисттер жана кинематографисттердин командасы Жар-Таш дарыясынын оң куймасындагы Ак-Суу капчыгайындагы аты жок чокуга чыгып, аны Кыргыз киносунун чокусу деп аташты. Бул тууралуу альпинист Эдуард Кубатов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, чокунун бийиктиги 4 миң 380 метрди түзөт.
«Кечээ, 20-июнда саат 13:15те альпинисттер менен кинематографисттерден турган команда аты жок чокуга чыгып, ага «Кыргыз киносунун чокусу» деген жаңы ысым ыйгарышты. Кыргыз кырка тоосунун бийиктиги — 4380 метр. Биздин киночуларды куттуктайбыз. Тоого барыңыз жана жашоону сүйүңүз! Чокуга чыгуу кандай экенин түшүнүү үчүн кийинчерээк бир нече видео чыгарам», — деди Эдуард Кубатов.
Атайын кызматтын отставкадагы подполковниги, 49 жаштагы Эдуард Кубатов дүйнө жүзүндөгү эң бийик чоку — Эверестке 2021-жылы 23-майда чыккан.
2013-жылдын 3-февралында ал мүчө болгон альпинизм экспедициясы Түштүк Американын Аконкагуа тоосуна Кыргызстандын туусун сайган.
Кубатов — Гималай тоо кыркасындагы Эверест чокусуна чыккан Кыргызстандын экинчи жараны. Ага чейин Эверестке кыргызстандык альпинист Дмитрий Греков 1997-жылы 20-майда чыккан.