Биз менен байланышыңыз

«Кымызды чет өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк жогору»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Июн 2022 | 422 | 0

Өлкөдө жумасына 10 тоннага чейин кымыз жасалат. Кымызды чет өлкөлөргө экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу «Кымыз фест» уюмунун жетекчиси Улан Дүйшөналиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кымызды сыртка чыкпай жатышына бир нече тоскоолдук себеп:

«Мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу керек болуп жатат. Техникалык жабдыктарды алып, шарттар менен камсыздап,  талаптарды коюп, эл аралык стандарттагы тастыктамаларды алсак, биздин кымызчылар экспортко чыгарууга даяр болуп калды. Бул азыркы тапта абдан актуалдуу маселе болуп турат. Бир комиссия түзүлүп, ушул жаатты карап берсе, кымыздын деңгээлин №1 бренд катары алып чыксак жакшы болот. Себеби Кыргызстандын дүйнө элине сапаттуу кымыз менен таанылса болот. Буга биздин мүмкүнчүлүктөр да бар, эл да даяр болду», — деди ал.

Ал Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк эл аралык кымыз өндүрүүчүлөрдүн форумун уюштурууну сунуштады.

Мамлекеттик органдар менен стартегияны, концепцияны жана долбоорун жазуу зарылчылыгына токтолду.

Copyright © 2017 Maral FM